ШААРГА САЛЫМ КОШКУҢУЗ КЕЛЕБИ? АНДА СЫНАККА КАТЫШЫНЫЗ!
Бул AdministratorЖарыяланган 23.06.2022
Баткен шаарынын мэриясы улук жана кенже административдик муниципалдык кызмат орундарына ички резервке кабыл алуу боюнча АЧЫК КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ.
КОЮУЛУУЧУ ТАЛАПТАР:
(Улук топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына квалификациялык талаптар:)
1.Бөлүм башчы жана башкы адис муниципалдык кызмат ордуна;
-Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция,
айыл чарба, ветеринардык, гуманитардык, педагогикалык, социалдык иштер, экономика жана финансы, табигый илимдер, техникалык, педагогика, курулуш, өнөр жай, энергетика багыттары боюнча жогорку билими талап кылынат.
— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана муниципалдык кызматында же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы болуусу зарыл.
(Кенже топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына квалификациялык талаптар:)
2. Жетектөөчү адис жана адис муниципалдык кызмат орундарына;
— Жогорку билим же орто кесиптик билими: Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, айыл чарба, ветеринардык, гуманитардык, педагогикалык, социалдык иштер, экономика жана финансы, табигый илимдер, техникалык, педагогика, курулуш, өнөр жай, энергетика багыттары боюнча болуусу зарыл.
— иш стажы талап кылынбайт.
3. Бардык талапкерлерге Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын жана укуктук ченемдик актыларын билүүсү талап кылынат: Ошондой эле коммуникабелдүү, өз алдынча иштөөгө жөндөмдүү, кыргыз жана орус тилдеринде сүйлөй жана жаза билген, компьютер менен иштөө жөндөмү болуусу зарыл.
4. Талапкерден талап кылынуучу документтер;
— жеке арызы, кадрларды каттоо баракчасы, өмүр баяны, резюмеси, ¾ өлчөмүндө сүрөтү;
— паспорттун көчүрмөсү;
— керектүү кесиптик билими, эмгек стажы жана квалификациясын ырастаган документтердин көчөрмөсү. ( нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүүгө тийиш).
5. Документтер 2022-жылдын 7-июлуна чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Баткен шаары И.Жусупов көчөсү №46, Баткен шаарынын мэриясы Уюштуруу иштери жана кадрлар бөлүмү, телефон 5-20-06.
6. Эскертүү. Бардык квалификациялык талаптарга жооп берген гана талапкерлер конкурска чакырылат.