Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов баштаган шаардык жетекчилер Баткен шаарынын М.Нургазиев көчөсүндө жүрүп жаткан ондоп-түзөө иштеринен кабар алды.
Курулуш ишин жеринен кабар алган шаар мэри Имамназар Бурканов тендерден утуп чыккан “Олимп Групп” ЖЧК жетекчисине курулуш ишин долбоордо көрсөтүлгөн талаптарга ылайык сапаттуу жүргүзүү боюнча талабын билдирип, тиешелүү шаар жетекчилерине жана адистерге курулуштун сапатын тыкыр көзөмөлгө алууну тапшырды.
ЭСКЕ САЛА КЕТСЕК, Баткен шаарынын М.Нургазиев көчөсүнүн күн батыш тарабындагы суу жүрүүчү ноолорго (латок) атайын түтүктөр (труба) коюлуп, жөө киши жүрө турган жолдорго жол таштары (брусчатка) жаткырылууда.
Максаты шаар инфра түзүмүн жакшыртуу жана шаардыктарга ыйгайлуу шарт түзүү болуп саналат.
Долбоордун алкагында 947 метр жерге түтүктөр (труба) орнотулуп, 2000 м*2 жерге жол таштары (брусчатка) жаткырылат. Жөө адамдар жүрүүчү жолдун четине автоунаалардын (тратуарга) өтүүсүн чектеген бетондор (бордюр) орнотулат.
Долбоорду ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 5600 000 сом акча каражаты каралып, курулуш ишин аяктоо мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын июль айына чейин белгиленген.
КОШУМЧА МААЛЫМАТ; 2022-жыл ичинде Баткен шаарындагы М.Нургазиев, М.Салихов жана А.Орозбеков көчөлөрү кенейтилип, жөө адамдар жүрүүчү (тратуарлар) жолдорго жол таштары (брусчаткалар) жаткырылып, суу ноолор (латок) орнотулат. Ошондой эле И.Раззаков көчөсүндөгү түнкү жарыктандыруу иштери долбоор боюнча толугу менен жаныдан курулат.
Баткен шаардык мэриясы, шаардын аймагындагы инфра түзүмдү жакшыртуу максатында жүргүзүлүп жаткан курулуш иштериндеги ынгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаардын жашоочуларын түшүнүү менен кабыл алат деген ишеничте.