Баткен шаарындагы Баткен облустук гимназия-жатак-мектебинде “Акыркы конгуроо” майрамдык салтанаты болуп өттү.
Майрамдык иш-чарага КР Президентинин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Ж.Исаков, Баткен шаарынын вице-мэри М.Маматисаев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана ата-энелер катышып, 2021-2022-окуу жылында мектепти аяктап жаткан бүтүрүүчүлөргө куттуктоолорун айтышты.
Салтанатта сөз сүйлөгөн Баткен шаарынын вице-мэри Мансурбек Маматисаев Баткен шаарынын мэри Имамназар Буркановдун куттуктоосун билдирип, шаардык мэрия тарабынан “Алтын Тамга” артыкчылык аттестатын алган Баткен облустук гимназия-жатак-мектебинин 3 бүтүрүүчүсүнө 5000 сомдон акчалай белектерин тапшырды.
Ошондой эле майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө алдынкы мугалимдерге, мыкты окуучуларга жана балдардын билим алуусуна колдоо көрсөткөн активдүү ата-энелерге ыраазычылыктар билдирилип, ардак громаталар тапшырылды.
Ал эми майрамдык салтанаттын жалпы катышуучуларына Баткен облустук гимназия-жатак-мектебинин окуучулары тарабынан даярдалган чакан концерттик программа тартууланды.
Эске сала кетсек, 2020-2021-окуу жылында ЖРТнын жыйынтыгынын негизинде Баткен шаарынан 19 окуучу “Алтын Тамга” артыкчылык аттестатын алса, 1 окуучу “Алтын Сертификат” алууга жетишкен. Жалпы ЖРТга катышкан бүтүрүүчүлөрдүн орточо упайы 168 упайды түзгөн.
2021-2022-окуу жылында Баткен шаарындагы орто мектептерди 344 окуучу бүтүрүүнүн алдында турат.
2021-2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Баткен облусунан 171 окуучунун арасынан 3 окуучу “Алтын Тамга” артыкчылык аттестатын алууга жетишкен.
Алар, Баткен шаарынын Баткен облустук гимназия-жатак-мектебинин окуучулары Азимов Алмаз, Кумарбек кызы Жасмина жана Саитбурханов Ырыскелди.
Эскертүү; Шаарда майрамга карата тишелүү кызматтар күчөтүлгөн режимде иш алып барып, рейддер жүргүзүлүүдө.