Баткен шаардык мэриясы 1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата Баткен шаарынын “Жениш” эс алуу багында чон майрамдык иш-чара өткөрдү.
Иш-чарага КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков, Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов, Баткен шаардык кенешинин төрагасы Алтынбек Аширов баштаган жергиликтүү жетекчилер жана облустук, шаардык мекемелердин башчылары, шаардык депутаттар, Баткен шаарында жайгашкан жеке менчик уюмдардын өкүлдөрү катышып, жаш жеткинчектерге куттуктоолорун билдирди. Ошондой эле шаардагы 5 ата-эне камкордугунан ажыраган балдардын келечеги үчүн уюштурулган акцияга өз салымдарын кошушту.
Салтанатты Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов ачып, куттуктоо сөзүндө “Бактылуу үй-бүлөдө чоңойгон бала гана бактылуу боло алат. Балдар – биздин келечегибиз жана алардын ден соолугу чың, билимдүү, жан дүйнөсү бай адам болушу үчүн Баарыбыз Бирге аракет кылалы”-деп билдирип, шаарда жайгашкан мектепке чейинки билим берүү мекемелерин колдоо иретинде белектерин берди.
Майрамдык салтанаттын катышуучуларына Баткен шаарында жайгашкан мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде тарбияланып жаткан балдар, мектеп окуучулары жана жаш активистер тарабынан уюштурулган концерттик программа тартууланды.
Ал эми майрамга карата Баткен шаардык жаштар иштери, спорт жана дене тарбия бөлүмү тарабынан шаардагы 10 жашка чейинки өспүрүм балдар үчүн спорттук иш-чара уюштурулуп, женүүчүлөргө баалуу белектер берилди.
Белгилей кетсек, Баткен шаардык мэриясы тарабынан балдар күнүнө карата, шаардагы мүмкүнчүлүгү чектелген, аз камсыз болгон жана чек ара окуясында каза тапкан жарандардын балдарына 36000 сомдук майрамдык колдоо көрсөтүлдү.
Баткен шаардык мэриясынын маалымат кызматы
08:00 - 17:00
И.Жусупов көчөсү №46
И.Жусупов көчөсү №46