Кыргызстандын өсүү түйүндөрү деп белгиленген 18 шаар катышкан «Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар» республикалык сынагында Баткен шаары байгелүү 3-орунду камсыздап 1 млн. сом утуп алган.
Ал суммага Баткен шаарындагы 2 кварталга балдар ойноо аянтчалары орнотулган.
Ал үчүн Баткен шаардык мэриясы 2021-жылдын 28-июнунда балдар ойноо аянтчаларына каражаттарды сатып алуу максатында тендер жарыяланган. Тендерди «Сампа» ЖЧКсы утуп, 8 даана отургуч, 2 даана жабык типтеги кумда ойноо аянтчасы, 2 даана воркаут (турниктер), 4 даана карусель, 4 даана салмактагы отургучтар, 4 даана селкинчектер сатып алынган.
Бүгүнкү күндө Баткен шаарынын Чет-Булак аймагындагы «Фаиза» социалдык шаарчасында жана Кызыл-Дөң аймагында сатып алынган каражаттар балдар ойноо аянтчаларына орнотулган.
Жаңы 2022-жыл ичинде Баткен шаардык мэриясы шаар аймагындагы балдар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнү пландаган. Жергиликтүү бийлик жана демөөрчүлөр тарабынан Келечек жана Базар-Башы кварталдарына дагы балдар ойноо аянтчалары орнотулуп, жаштар үчүн воркаут куруу пландалган.
Уруматтуу шаар тургундары!
Балдарыбыз үчүн жасалган аракеттерди баалайлы. Ойноо аянтчаларындагы каражаттарга аяр мамиле жасайлы.
Ойноо аянтчасын таза кармаңыздар. Бузуп, сындырууга жол бербеңиздер.