Баткен шаардык мэриясынын жалпы аппараттык кенешмесинде Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ахматбеков Абдила Аламбековичти ардактуу эс алууга узатышты.
Жыйындын жүрүшүндө шаар башчысы Имамназар Бурканов өз сөзүндө Ахматбеков Абдила Аламбекович Баткен шаарынын социалдык-маданий өсүп өнүгүүсүндө, жаш жеткинчектерге билим берүүдө жана шаардын билим берүү тармагынын бүгүнкүдөй жакшы денгээлге жетишине агайдын салымы чон экенин айтып ыраазычылыгын билдирди.
Ошондой эле Баткен шаардык мэриясы тарабынан Ахматбеков Абдила Аламбековичке Баткен шаарынын социалдык-маданий жактан өнүгүшүндөгү кошкон зор салымы үчүн ыраазычылык каты берилди.
Белгилей кетсек, Ахматбеков Абдила Аламбекович омүрүн 40 жылдан ашуун бөлүгүн Баткен шаарындагы жаш жеткинчектерге билим берүүгө жана билим берүү тармагын өсүп өнүгүүсүнө арнаган. Жөнөкөй мугалимден тартып, директордун орун басары, мектептин директору жана Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген.