Бүгүн 17.06.2022-ж. Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы болуп өттү. Сессияны шаардык Кеңештин төрагасы Алтынбек Аширов жетектеп, анда 16 маселе каралды.
Эл өкүлдөрүн жыйналышына Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов жана шаардык мекеме ишканалардын башчылары катышты.
Күн тартибинде каралган маселелер.
1.Баткен шаарынын ички жолдорунун абалы жөнүндө.
2.Баткен шаарында коомдук тартипти коргоонун жана жол коопсуздугунун алдын алуу тууралуу.
3.Шаардын тазалыгын камсыз кылуу, көрктөндүрүүнү жакшыртуунун абалы жана шаар тургундарынын шаарды таза кармоого, коомдук иштерге активдүүлүктөрүн күчөтүүгө дем берүү жөнүндө.
4.Баткен шаардык Кеңешинин депутаттарынын шаар калкы менен жолугушуусунда айтылган сын сунуштарды аткарууга алуу жөнүндө.
5.Баткен шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 27-январдагы “Баткен шаарынын инфраструктурасын жакшыртууну жергиликтүү бюджетинин эсебинен каржылоо үчүн иш чараларды бекитүү жөнүндө” №01-11/5 токтому менен бекитилген иш чаранын кээ бир бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө.
6.Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине “Айыл банк” ААК Баткен филиалынан жүргүнчү ташуучу автоунааларды насыя төлөм шарты менен сатып алууга макулдук берүү жөнүндө.
7.Баткен шаарынын “Жаш кеменгер” наамын ыйгаруу жөнүндө.
8.Баткен шаарынын Чет-Булак, Кызыл-Дөң, Кызыл-Жол АТОсунун аймагындагы “жайыт жерлер”багытындагы жалпы 90,0 га жер аянтын башка багытка которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө.
9.Баткен шаарынын кайра бөлүштүрүү фондунун 7,77 га жер сугат айдоо жерин Кызыл-Жол АТОсунун БАМ участкасындагы сугат айдоо жерге алмаштырууга макулдук берүү жөнүндө.
10.Баткен шаарынын Жайыт комитетинин атайын техникаларынын кызмат көрсөтүүсүнүн акыларын бекитүү жөнүндө.
11.Баткен шаардык Кеңешинин “Ала-Тоо-Кыргыз жери” саясий партиясынан депутат А.К.Гаипованын мандатын тапшыруу жөнүндөгү арызына макулдук берүү жөнүндө.
14.Баткен шаарынын А.Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык-драм театрынын драманын жогорку категориядагы артисти М.Б.Козубаевге, Баткен шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө.
15.Оор жумуштарды жана зыяндуу, же эмгек шарттары кооптуу жумуштар үчүн кошумча төлөмдөрдү “Баткен –Автобаза” ишканасынын муниципалдык кызматкерлерине чегерүү жөнүндө.
16.Ар кандай маселелер:
-ЕБРдин долбоорунун жүрүшү,
-Таза суунун берилиши (ар бир сессияга маалымат).
Баткен шаардык мэриясынын маалымат кызматы
08:00 - 17:00
И.Жусупов көчөсү №46
И.Жусупов көчөсү №46