ШААРДЫК КЕҢЕШТИН СЕССИЯСЫНДА ЭКИ ДЕПУТАТТЫН МАНДАТТАРЫ ТАПШЫРЫЛДЫ
Бул AdministratorЖарыяланган 29.12.2022
Баткен шаардык кеңештин VII чакырылышынын XIII кезектеги сессиясында 10 маселе сунушталган. Сессия «Эмгек партиясынан келген» эки депутат Айбек Муратов менен Базарбай Масеитовго мандат берүү жана «Ынтымак» партиясынын депутаты Гыламидин Артыкбаевге мэрдин Ардак грамотасын тапшыруу менен башталды.
1. Сессиянын жүрүшүндө биринчи маселе Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышы үчүн бекитилген иштөө Регламентинин долбооруна киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор боюнча депутат Гыламидин Артыкбаев баяндама жасады. Талкууга коюлган токтом долбооруу бир добуштан кабыл алынды.
2. Андан соң Баткен шаардык Кеңешинин 2023-жылга иш планын бекитүү жөнүндө маселе каралды. Жаңы кабыл алынган мыйзамдар эске алынып, иш чарага жалпы 23 маселе киргизилген. Токтом долбоору негиз катары коюлуп, бир добуштан кабыл алынды.
3. «2022-жыл Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы» алкагында Баткен шаар аймагында аткарылган иштер жөнүндө Баткен шаарынын 1-вице-мэри Акылбек Орозов баяндама жасады. Депутат Гыламидин Артыкбаев Баткен шаарына караштуу Дөгмөн жайлоосунда казылып алынып жаткан көмүрдүн эко системага болгон таасири жөнүндө маселе көтөрдү. Ошол аймакта ишмердүүлүгүн жүргүзгөн ЖЧКнын лицензиясынын мыйзамдуулугу тууралуу маселе талкууланып, жайлоодогу мөңгүгө болгон таасири жөнүндө маселе көтөрүлүп, Дөгмөн жайлоосун сактап калуу көйгөйү негизги орунда тургандыгы тууралуу айтылды. Мындан тышкары жайыттарды сарамжалдуу пайдалануу, жайыттарды деградацияга учуратпоонун алкагында жүргүзүлүп жаткан жумуштар тууралуу суроо койду. Вице-мэр Акылбек Орозов өткөн жылда жайытка чыгууга мэрдин буйругу менен 20-майдан алыскы жайыттарга чыгууга уруксат берилгендигин айтты. Ошондой эле жакынкы жайыттарга май айынан кийин уруксат берилген, деди. Мэр Имамназар Бурканов шаар аймагын көрктөндүрүү, жашылдандыруу үчүн «Баткен тазалык» ишканасынын курамына «Жашылдандыруу чарбасы» ачыла тургандыгы билдирилди. Ошондой эле борбордук көчөлөрдөгү гүлдөрдү, бак-дарактарды сугат суу менен камсыз кылуу үчүн тамчылатып суугаруу системасы орнотулары айтылды.
4. Баткен шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндөгү жобосун жаңы редакцияда кабыл алуу жөнүндө.
Баткен шаарынын аймагында мүлк салыгын киргизүү жөнүндө.
Баткен шаар мэриясына акысыз жана кайтарымсыз шартта автоунаа өткөрүп алууга макулдук берүү жөнүндө.
5. «Баткен шаарынын таза суу системасын жана канализациясын реабилитациялоо» долбоорунун ЕӨРБ (ЕБРР) банкы менен түзүлгөн келишимге киргизилген бөлүктөрүн күрөөгө коюуга макулдук берүү жөнүндө.
6. Баткен шаарынын 2022-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин кээ бир бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.
7. КРнын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы «Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» №291 токтомун Баткен шаарынын аймагында аткарууга алуу жөнүндө.
8. Ошондой эле сессияда ар түрдүү маселелердин алкагында ЕБРРдин долбоорунун аткарышылы жөнүндө, РЭСтин шаар калкына көрсөткөн кызматтары жөнүндө маселелер каралууда.