Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов баштаган шаардык жетекчилер Баткен шаарынын Чет-Булак кварталында курулуп жаткан шаардык МАЛ базардын курулушу менен таанышты.
Курулуш ишин жеринен кабар алган шаар мэри Имамназар Бурканов тендерден утуп чыккан “Аист-Строй” ЖЧК жетекчисине курулуш ишин долбоордо көрсөтүлгөн талаптарга ылайык сапаттуу жүргүзүү боюнча талабын билдирип, тиешелүү шаар жетекчилерине курулуш иштери боюнча жеринен тапшырма берди жана курулуп жаткан муниципалдык МАЛ базар пайдаланууга берилсе шаардык бюджетке чон салым кошоорун белгиледи.
Эске сала кетсек, учурда колдонулуп жаткан шаардык МАЛ базар чон жолдун боюнда жайгашып, базар күнү авто унаалардын жана жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна коркунуч жаратып келген. Баткен шаардык мэриясы жарандардын коопсуздугун эске алып, муниципалдык МАЛ базарды шаардын башка коопсуз аймагына куруу аркылуу шаар тургундарын туруктуу жумушчу орундары менен камсыз кылып, жергиликтүү шаардык бюджетти көтөрүү боюнча иштерди колго алган.
(Кошумча маалымат: Учурдагы МАЛ базар жеке менчик болгон.)
Шаардын аймагына жаны мал базарды куруу үчүн Баткен шаардык мэриясы тарабынан Чет-Булак кварталынан 1.5га жер аянты бөлунүп берилип, шаардык бюджеттен 2 млн 973 сом акча каражаты каралган. Бүгүнкү күндө базардын айланасын тосуу жана мал байлануучу жерлерди куруу иштери жүрүүдө. Муниципалдык МАЛ базарды ушул жылдын аягына чейин бүткөрүп, пайдаланууга берүү пландаштырылууда.
Баткен шаардык мэриясы, шаардын аймагындагы инфра түзүмдү жакшыртуу максатында жүргүзүлүп жаткан курулуш иштериндеги ынгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаардын жашоочуларын түшүнүү менен кабыл алат деген ишеничте.
Баткен шаарынын мэриясынын маалымат кызматы.
08:00 - 17:00
И.Жусупов көчөсү №46
И.Жусупов көчөсү №46