Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен башталган «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгүн колго алуу максатында Баткен шаарында коомдук жайларга жана мекеме ишканалардын айланасына көчөт отургузуу жана бак тигүү иш-чарасы кызуу уланууда.
Бул жолку иш-чара Баткен шаарынын “Манас” эс алуу багында өтүп, ага шаардык мекеме уюмдардын кызматкерлери жана жергиликтүү жашоочулар катышты.
Ишембиликтин алкагында эс алуу багындагы арыктар чабылып, бак-дарактар сырдалып, айлана чөйрөсү иретке келтирилди. Ал эми шаардык мекемелердин колдоосу менен эс алуу багына көчөттөр отургузулду.
Белгилей кетсек Баткен шаарынын мэриясы тарабынан кабыл алынган ишембиликтин үч айылыгынын алкагында шаардык мекеме ишканалардын катышуусу менен шаардын аймагындагы коомдук жайларды көрктөндүрүү, иретке келтирүү жана жашылдандыруу иштери апта сайын ишемби күнү үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
Кыргыз
08:00 - 17:00
И.Жусупов көчөсү №46
И.Жусупов көчөсү №46