Мен сиздерди 24-август Кыргыз Республикасынын ИИМдин ички аскерлеринин түзүлгөндүгүнүн 80 жылдык юбилейлик майрамы менен чын-жүрөгүмдөн куттуктап, баарыңыздарга чың ден соолук, узун өмүр, бакыт-таалай каалайм!
Ички аскерлердин кызматы биз үчүн, өлкөнүн бүтүндүгү үчүн жогору. Баткендеги кыргыз-тажик чек ара чырында элди, жерди коргоп тарыхта кала турган чоң жумуш аткардыңыздар.
Атуулдук менен аскердик милдетти абийирдүү аткарып жатканыңыздар үчүн сиздерге терең ыраазылык билдирем.
Биздин Армиябыз — өлкөбүздүн эгемендигин, бүтүндүгүн, конституциялык түзүлүштү, жарандарыбызды жана чек арабызды коргоо үчүн мамлекеттин ишенимдүү тиреги.
Биз Ата Мекенди коргоочулардын аскердик салттарын улантууга жана өнүктүрүүгө милдеттүүбүз.
Дагы бир ирет майрамыңыздар менен куттуктаймын!
Үй-бүлөңүздөргө тынчтык, бакубат турмуш каалаймын!