Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов Кызыл-Дөң аймагынын тургундары менен жолугушту. Ага шаардагы бардык мекеме-ишканалардын жетекчилери жана тургундар катышты.
Алгач тургундар менен болгон мурунку жолугушуулардагы протоколдук тапшырмалардын аткарылышы жөнүндө тиешелүү тармактар тарабынан маалыматтар берилди.
Андан соң катышуучуларга шаардагы 1-жарым жылда аткарылган жумуштарды камтыган кыскача маалымат айтылды.
Мэр Имамназар Бурканов эл менен болгон жолугушуунун негизги максаты, жашоочулардын көйгөйлөрүн, маселелерин, суроо талаптарын бетме-бет отуруп угуу жана жеринде чечүү экенин билдирди.
Жолугушуу суроо-жооп иретинде уланып, калаа башчысы тургундардын суроолоруна жоопторун берди.
«Баткен шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө мэрия тараптан бардык күч аракеттер жумшалууда. Мындай жолугушууларды өткөрүп элдин көйгөйлөрүн жеринде чечүүгө аракеттерди жумшайбыз» деди шаар башчысы.
Шаар мэринин тургундар менен жолугушуусу мындан ары башка аймактык башкармалыктарда уланат.