Баткен шаарында аз камсыз болгон, көп балалуу жөлөк пул алуучу үй бүлөлөргө, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга акысыз ун берилет. Жардам катары берилген ун бир үй бүлөгө 1 мүшөктөн, жалпы 2054 үй бүлөгө таркатылды.
Ун шаар тургундарына, КРнын Министрлер кабинетинин тапшырмасына ылайык Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан жардам катары берилүүдө.