Бүгүн, Баткен шаардык мэриясында шаар жетекчилиги менен БУУнун өнүктүрүү программасын өкүлдөрү Мукаш Калдаров, Эркина Уразбаева, Акын Бакиров жана жергиликтүү жеке ишкерлер, шаардын аймагында ар кандай долбоорлор менен иш жүргүзүп жаткан эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жолугушту.
Жолугушууда Россия федерациясынын “Трасстык” фондунун колдоосу менен ишке ашып жаткан «Жаштардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана социалдык биримдикти жана туруктуулукту илгерилетүү үчүн жергиликтүү жаштардын ишкерлиги үчүн туруктуу чечимдерди өнүктүрүү» долбоорун ишке ашыруу боюнча пикир алышты.
Долбоордун аткаруучу жетекчилиги тарабынан долбоордун максаты жаштарды жашыл өнүгүүгө, эмгек рынокторуна чыгууга жана стартаптарды жана бизнес идеяларды өнүктүрүүгө жана ишке ашырууга тартуу үчүн жумуш орундарын түзүү, потенциалды жогорулатуу программаларын ишке ашыруу жана жарандык катышуу механизмдерин түзүү аркылуу социалдык биримдикке көмөк көрсөтүү экендигин маалымдады.
Ал эми жыйынга катышкан Баткен шаарынын вице-мэри М.Маматисаев тарабынан шаардагы жаштар иштерине тиешелүү жасалып жаткан иштер боюнча маалымат берип, долбоордун натыйжалуу ишке ашуусу үчүн биргеликте аркет кылуу заарыл экендигин билдирди.
Аталган долбоор 2022-2025-жылдар аралыгында Кыргызстандагы белгиленген шаарларда ПРООН эл аралык уюумунун аткаруусунда ишке ашмакчы.
Баткен шаардык мэриясынын маалымат кызматы.
08:00 - 17:00
И.Жусупов көчөсү №46
И.Жусупов көчөсү №46