Бүгүн, Баткен шаардык мэриясы жана шаардык тиешелүү кызматтар менен биргеликте М.Салихов көчөсүндө баш аламан соода жүргүзүп коон,дарбыз саткандарга рейд жүргүзүлдү.
Рейд учурунда жол тыгынын жана жарандардын коопсуздугуна коркунуч жаратып, белгиленбеген жерге чон жук ташуучу авто унааларын коюп мыйзам бузуу менен соода жүргүзгөндөргө айып пул салынаары эскертилди.
Белгилей кетсек, Баткен шаарын М.Салихов көчөсүнүн боюнда авто унааларда коон, дарбыз сатып жаткан сатуучулар үчүн ошол эле көчөдө жайгашан Биримдик базарынан коон, дарбыз сатууга атайын жер бөлүнүп берилген.
Максаты: жол тыгындарын алдын алуу жана баш аламан соода жүргүзүүну токтотуу.
УРМАТТУУ САТУУЧУЛАР ЖАНА САТЫП АЛУУЧУЛАР!
СИЗДЕРДИ БАТКЕН ШААРДЫК МЭРИЯСЫ ТАРАБЫНАН БЕЛГИЛЕНГЕН ТАРТИПТИ САКТООГО ЧАКЫРАБЫЗ!