• Башкы бет
  • Баткен шаардык Кеңеши
    • Депутаттык курам
    • Шаардык Кеңеш аппаратынын кызматкерлери
    • Сессиялардын графиги
    • Токтомдор
    • Органиграмма
    • Баткен шаардык Кенеши жөнүндө жобо
    • Баткен шаардык Кеңешинин Регламенти
    • Баткен шаардык Кеңешинин иш-планы
    • Баткен шаарынын ардактуу атуулдары
    • Укуктук-ченемдик актылар
    • Коомдук талкуу
  • Баткен шаарынын мэриясы
    • Баткен шаардык мэриясы
    • Мэрия кызматкерлери
    • Мэриянын алдындагы ишканалар
    • Мэриясынын Аппаратынын Структурасы
    • Шаардын паспорту
    • Социалдык-экономикалык өнүгүү программалары
  • Шаар жөнүндө
  • Жанылыктар
  • Конкурстар
  • Галерея
    • Сүрөттөр
    • Видеолор
  • Байланыш
  • +996 (3622) 52001
  • meria-batken@mail.ru
  • Дуй-Жум 09:00 - 17:00
Facebook
Instagram

Баткен шаардык кеңешинин жана мэриясынын расмий сайты

  • Башкы бет
  • Баткен шаардык Кеңеши
    • Депутаттык курам
    • Шаардык Кеңеш аппаратынын кызматкерлери
    • Сессиялардын графиги
    • Токтомдор
    • Органиграмма
    • Баткен шаардык Кенеши жөнүндө жобо
    • Баткен шаардык Кеңешинин Регламенти
    • Баткен шаардык Кеңешинин иш-планы
    • Баткен шаарынын ардактуу атуулдары
    • Укуктук-ченемдик актылар
    • Коомдук талкуу
  • Баткен шаарынын мэриясы
    • Баткен шаардык мэриясы
    • Мэрия кызматкерлери
    • Мэриянын алдындагы ишканалар
    • Мэриясынын Аппаратынын Структурасы
    • Шаардын паспорту
    • Социалдык-экономикалык өнүгүү программалары
  • Шаар жөнүндө
  • Жанылыктар
  • Конкурстар
  • Галерея
    • Сүрөттөр
    • Видеолор
  • Байланыш

Баткен шаардык кеңешинин жана мэриясынын расмий сайты

  • Башкы бет
  • Баткен шаардык Кеңеши
    • Депутаттык курам
    • Шаардык Кеңеш аппаратынын кызматкерлери
    • Сессиялардын графиги
    • Токтомдор
    • Органиграмма
    • Баткен шаардык Кенеши жөнүндө жобо
    • Баткен шаардык Кеңешинин Регламенти
    • Баткен шаардык Кеңешинин иш-планы
    • Баткен шаарынын ардактуу атуулдары
    • Укуктук-ченемдик актылар
    • Коомдук талкуу
  • Баткен шаарынын мэриясы
    • Баткен шаардык мэриясы
    • Мэрия кызматкерлери
    • Мэриянын алдындагы ишканалар
    • Мэриясынын Аппаратынын Структурасы
    • Шаардын паспорту
    • Социалдык-экономикалык өнүгүү программалары
  • Шаар жөнүндө
  • Жанылыктар
  • Конкурстар
  • Галерея
    • Сүрөттөр
    • Видеолор
  • Байланыш

Жанылыктар  ·  Маданият

ҮЛГҮЛҮҮ КВАРТАЛ, ҮЛГҮЛҮҮ КӨЧӨ, ҮЛГҮЛҮҮ ҮЙ, ҮЛГҮЛҮҮ ҮЙ-БҮЛӨГӨ СЫНАК ЖАРЫЯЛАНДЫ

Бул  Administrator  Жарыяланган  15.03.2021

Баткен шаарынын аймагында калктуу конуштардын социалдык инфраструктурасын, санитардык абалын жакшыртуу,  жашылдандыруу  жана көрктөндүрүүнүн үч  айлыгынын алкагында “Үлгүлүү квартал”, “Үлгүлүү көчө”, «Үлгүлүү үй-бүлө» номинациялары боюнча  кароо-сынак уюштурулду. Кароо сынак үч айлыктын жыйынтыгы менен чыгарылып, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылат. 

«Үлгүлүү  Аймактык бшкармалык » наамын ыйгаруу боюнча кароону уюштуруу жөнүндө

 ЖОБО

  1. Жалпы Жобо
  2. Шаардын аймагындагы «Үлгүлүү аймактык башкармалык»  наамын ыйгаруу боюнча кароо шаардык мэриянын Уставынын негизинде жүргүзүлөт.
  3. Шаардын аймагында «Үлгүлүү аймактык башкармалык» наамын ыйгаруу боюнча кароонун максаты, анын шарттары жана жыйынтыгын чыгаруу эрежелери атайын көрсөтүлгөн жободо бекитилет.
  4. «Үлгүлүү аймактык башкармалык» наамын ыйгаруу боюнча кароонун жобосу шаардын мэринин буйругу менен бекитилет.
  • Шаардын аймагында «Үлгүлүү аймактык башкармалык» наамын ыйгаруу боюнча кароону уюштуруунун негизги максаттары.
  • Шаардын аймагында «Үлгүлүү аймактык башкармалык» наамын ыйгаруу боюнча кароону уюштуруунун негизги максаттары- шаардагы ар бир кварталдын ,  анда жашаган атуулдардын  жашоо шартын  маданий дэңгээлин, көтөрүү, ар нерсеге жөндөмдүүлүгүн арттыруу, бири-бирине болгон урмат-сый, өз ара мамилелерин чыңдоо. Көчөнү жашылдандырууга, гүлдөтүүгө, тазалыкты күтүүгө, жаратылыш байлыктарын сарамжалдуу пайдаланууга үйрөтүү. Кварталдын иреттүүлүгүнө, көрктүүлүгүнө, кооздугуна жетишүү, шаардын көркүнө-көрк кошууга жетишүү.Жашоонун маңызын түзгөн адамгерчиликке, элди, жерди, Ата мекенди сүйүүгө, анын байлыктарын өркүндөтүүгө достукту, биримдикти чыңдоого, аларды эл арасында кеңири жайылтууга багытталат.
  1.  Шаардын аймагында «Үлгүлүү аймактык башкармалык» наамын ыйгаруу боюнча кароонун негизги шарттары.
  1. Аймактык башкармалыктын тазалыгы, көрктүүлүгү,  кооздугу жашылдандыруу, көрктөндүрүү  иштеринин жүрүшү, мөмөлүү жана декоративдүү дарактардын отургузулушу,  кварталдын жарыктандырылышы.

Шаардын Уставында көрсөтүлгөн талаптардын так

аткарылышы.

  1. Аймактык башкармалыктын  тургундарынын  ынтымакта жашашы, бири — бирин урматтоосу, улууларды урматтоо, сый мамиле жасашы.
  2. Аймактык башкармалыктын   тургундары жөнүндө маалыматтын болушу:

Көчөлөрдүн саны, аталышы, кожолуктун саны, аялдар жана эркектер, пенсия жашындагылар, кызматтагылар, иштебегендер, студенттер, жалпы 18 жашка чейинки балдар, мектеп окуучулары, балдар бакчасына баргандар, үйдө тарбияланган балдар, көп балалуу үй-бүлөлөр, Баатыр энелер, согуштун ардагерлери ж.б.

Жашоочуларынын шаардын коомдук иштерине,  коомдук тартипти сактоого катышуусу, шаарды өнүктүрүүгө кошкон салымы.

  1. Аймактык бшкармалыктын тургундарынын   ынтымакта, карым-катышта жашоосу, жалпы шаар жашоочуларга кылган мамилеси, кадыр — баркы.
  2. Аймактык башкармалыктын  жашоочуларынын салыкты (түрлөрү боюнча) сууну, , электр жарыгына, сууга, таштандыга, радиого, телефонго өз убагында төлөп турушу,  электр энергиясын үнөмдүү пайдалануусу жана ар түрдүү ишембиликтерге ашар жолу менен арык каналдарды чабууга, тазалоого, жолдорду, көпүрөлөрдү оңдоого, социалдык обьектилерди курууга, оңдоого, көрктөндүрүү иштерине такай катыша тургандыгы.
  3. Аймактык башкармалыкта  искусствого берилгендик, өздүк көркөм чыгармачылыкка катышуусу, үй-бүлөлүк ансамблдеринин уюштурулушу өзгөчө бааланат.
  4. Аймактык башкармалыктын  тургундарынын кары — картаңдарга, жетим жесирлерге, майыптарга, бей — бечараларга мүмкүнчүлүктөргө жараша отун суу, кийим кечектен жана башка материалдык жардамдарды көрсөтүүлөрү, короосундагы жерди  айдап,  сээп берүүлөрү, үйлөрүн актап, кирлерин жууп, тамак ашын жасап берүүгө жардам көрсөтүүлөрү.

4.Үй курууда аймактык башкармалыктын тургундары тарабынан аткарылуучу шарттар.

  1. Үйлөрдүн архитектуралык пландын негизинде курулушу, үйдү курууга бөлүнгөн жерди туура пайдалануусу. Архитектуранын уруксаты жок ыксыз кошумча курулуштарды курууга жол бербөө.
  2. Үйлөрдүн  иреттүүлүгү,  архитектуралык формада жасалгаланышы, айлана- чөйрөсүнүн көрктөндүрүлүшү, тазалыгы.
  3. Үйлөрдүн  дубалдарынын шыбалгандыгы, акталгандыгы, дарбазаларынын сырдалгандыгы, штакетниктердин, тосмолордун ондоп-түздөлүшү,  көчөнүн аты, номери жазылгандыгы.
  4. Аймактык башкармалыктагы ар бир көчөнүн түздөлгөндүгү, асфальтталгандыгы, күн сайын иретке келтирилип турушу, таштандылардын өз убагында чыгарылышы. Таштанды үчүн атайын үкөктөрдүн коюлушу, ар түрдүү  гүлдөрдүн эгилиши, каралышы.
  5. Жер участогун натыйжалуу пайдаланышы.
  6. Аймактык башкармалыктын  тегерегиндеги социалдык обьектилерди, парктарды, скверлерди, аллеялрды көрктөндүрүүнүн, жашылдандыруунун абалы. Жерлердин,  клумбалардын иреттүүлүгү, керектүү жашылчалардын түрлөрү боюнча отургузулушу, мөмө-жемиш бактарынын отургузулгандыгы жана айдоо жерлердин натыйжалуу пайдаланылышы, алардын агротехникалык эрежелеринин негизинде багылышы.
  7. Аймактык башкармалыктардын тургундарынын көчөгө болгон мамилеси.
  8. Үйлөрдүн  тушундагы арык, каналдардын өз учурунда тазалап турушу.
  9. Үйдүн жанынан өткөн арыктагы сууларга машина жуубоо, кирдин суусун, мончодон чыккан сууну төкпөө, химиялык заттарды, шыпырындыларды таштабоо.
  10. Үйдүн тушундагы карагайга электр жарыгын орнотуп, түнкү убакта айлана — чөйрөгө жарык берүүсүн камсыз кылуу.
  11. Арык боюна айбанаттарды байлабоо, өз эшигинин алдында чөп, көң, кык, курулуш үчүн топурак, шагыл, кум, таш, цемент, кирпич, карагай жыгачтарды тартып келип түшүргөндө, аны үч күндүн ичинде жолдон алып, өз жайына жайгаштыруусу.

8.Кароонун жүрүшүндө көзөмөлдүк кылуу жана жыйынтыгын чыгаруу.

  1. Аймактык башкармалыктрдын башчылары,көчө  комитеттери күн сайын ар бир кварталдын жашоо турмушуна, үйүнүн сырткы жана ички көрүнүштөрүнө көзөмөл жүргүзүп турушу. Тиешелүү учурларда сын-сунуштарды айтуусу.

Кароонун жыйынтыгы менен кабыл алынган Жобонун негизинде көчө,  квартал комитеттери тарабынан текшерилип, ай сайын алардын отурумдарында  каралып, жыйынтыгы чыгарылып турулат. Кароонун жүрүшүндө көчө, квартал комитеттеринин сунушу менен үч  айдын ичинде жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен көчөлөргө «Үлгүлүү квартал» деген наам комиссиянын  чечими менен ыйгарылат.

  1. Кароонун жыйынтыгы кварталдарда, көчөлөрдө жашоочулардын, Баткен шаарынын мэриясынын  жалпы жыйынында жыйынтыкталып, жеңүүчүлөргө «Үлгүлүү квартал» деген күбөлүк жана мактоо баракчасы тапшырылат. Ошондой эле кварталдын көрүнүктүү жерине  узундугу 1,5 метр, туурасы 50см келген  «Үлгүлүү аймактык башкармалык» деп жазылган белги илинип коюлат.
  2. Катары менен 10 жыл бою «Үлгүлүү аймактык башкармалык» деген наамды жеңип алган көчөлөрдүн аттары  шаардын «Ардак китебине» жазылып, кварталдын   сүрөттөрү чапталат жана ардак наам түбөлүк калтырылат.
  3. Кандайдыр бир себептер менен кийинки кароолордо көчө тургундары тарабынан «Үлгүлүү аймактык башкармалык » берилүүчү талаптар аткарылбай калса, анда көчө, квартал комитеттеринин отурумдарында наамды алып салуу жөнүндө шаардык мэрияга сунушталат. Шаардык мэрия бул сунушту карап, чечим кабыл алат жана ал кабыл алынган чечим боюнча ошол аймактык башкармалыктын жашоочуларынын жалпы чогулушунда билдирүү берилет. Аймактык башкармалыкка  илинген «Үлгүлүү аймактык башкармалык » жазуусу алынып салынат.

«Үлгүлүү көчө » наамын ыйгаруу боюнча кароону уюштуруу жөнүндө

 ЖОБО

  1. Жалпы Жобо
  2. Шаардын аймагындагы «Үлгүлүү көчө»  наамын ыйгаруу боюнча кароо шаардык мэриянын Уставынын негизинде жүргүзүлөт.
  3. Шаардын аймагында «Үлгүлүү көчө » наамын ыйгаруу боюнча кароонун максаты, анын шарттары жана жыйынтыгын чыгаруу эрежелери атайын көрсөтүлгөн жободо бекитилет.
  4. «Үлгүлүү көчө» наамын ыйгаруу боюнча кароонун жобосу шаардын мэринин буйругу менен бекитилет.
  • Шаардын аймагында «Үлгүлүү көчө» наамын ыйгаруу боюнча кароону уюштуруунун негизги максаттары.
  • Шаардын аймагында «Үлгүлүү көчө» наамын ыйгаруу боюнча кароону уюштуруунун негизги максаттары- шаардагы ар бир көчөнүн ,  анда жашаган атуулдардын  жашоо шартын  маданий дэңгээлин, көтөрүү, ар нерсеге жөндөмдүүлүгүн арттыруу, бири-бирине болгон урмат-сый, өз ара мамилелерин чыңдоо. Көчөнү жашылдандырууга, гүлдөтүүгө, тазалыкта күтүүгө, жаратылыш байлыктарын сарамжалдуу пайдаланууга үйрөтүү. Көчөнүн иреттүүлүгүнө, көрктүүлүгүнө, кооздугуна жетишүү. Жашоонун маңызын түзгөн адамгерчиликке, элди, жерди, Ата мекенди сүйүүгө, анын байлыктарын өркүндөтүүгө достукту, биримдикти чыңдоого, аларды эл арасында кеңири жайылтууга багытталат.
  1. Шаардын аймагында «Үлгүлүү көчө » наамын ыйгаруу боюнча кароонун негизги шарттары.

Көчөнүн тазалыгы, көрктүүлүгү,  кооздугу жашылдандыруу,

көрктөндүрүү  иштеринин жүрүшү, көчөнүн түздүгү,

жарыктандырылышы. Шаардын Уставында көрсөтүлгөн

талаптардын так аткарылышы.

1.1.Көчө тургундарынын  ынтымакта жашашы, бири — бирин

урматтоосу, улууларды урматтоо, сый мамиле жасашы.

1.2.Көчө тургундары жөнүндө маалыматтын болушу:

Кожолуктун саны, аялдар жана эркектер, пенсия жашындагылар, кызматтагылар, иштебегендер, студенттер, жалпы 18 жашка чейинки балдар, мектеп окуучулары, балдар бакчасына баргандар, үйдө тарбияланган балдар, көп балалуу үй-бүлөлөр, Баатыр энелер, согуштун ардагерлери ж.б.

Көчөнүн жашоочуларынын шаардын коомдук иштерине  коомдук тартипти сактоого катышуусу, кошкон салымы.

  1. Көчөнүн  жашоочулары тарабынан паспорттук режимдердин, Аскердик каттоону  сактоонун абалы.
  2. Кошуналардын   ынтымакта, карым-катышта жашоосу, жалпы шаар жашоочуларга кылган мамилеси, кадыр — баркы.
  3. Көчөнүн жашоочуларынын сууну, электр энергиясын үнөмдүү пайдалануусу, электр жарыгына, сууга, радиого, телефонго өз убагында төлөп турушу жана ар түрдүү ишембиликтерге ашар жолу менен арык каналдарды чабууга, тазалоого, жолдорду, көпүрөлөрдү оңдоого, социалдык обьектилерди курууга, оңдоого, көрктөндүрүү иштерине такай катыша тургандыгы.
  4. Көчөдө искусствого берилгендик, өздүк көркөм чыгармачылыкка катышуу, үй-бүлөлүк ансамблдеринин уюштурулушу өзгөчө бааланат.
  5. Көчө тургундарынын кары — картаңдарга, жетим жесирлерге, майыптарга, бей бечараларга мүмкүнчүлүктөргө жараша отун суу, кийим кечектен жана башка материалдык жардамдарды көрсөтүүлөрү, короосундагы жерди  айдап сээп берүүлөрү, үйлөрүн актап, кирлерин жууп, тамак ашын жасап берүүгө жардам көрсөтүүлөрү.
  6. Үй курууда көчө тургундары тарабынан аткарылуучу шарттар.
  7. Үйдүн архитектуралык пландын негизинде курулушу, үйдү курууга бөлүнгөн жерди туура пайдалануусу. Архитектуранын уруксаты жок ыксыз кошумча курулуштарды курууга жол бербөө.
  8. Үйлөрдүн  ирээттүүлүгү,  архитектуралык формада жасалгаланышы, айлана- чөйрөсүнүн көрктөндүрүлүшү, тазалыгы.
  9. Үйдүн дубалдарынын шыбалгандыгы, акталгандыгы, дарбазаларынын сырдалгандыгы,  көчөнүн аты, номери жазылгандыгы.
  10. Үйдүн ички, сырткы жасалгасы
  11. Үйдүн ичинин ондоп-түзөөдөн  өткөрүлүшү, тазалыгы, полунун сырдалгандыгы, үйдүн ички жасалгаланышы, үй буюмдарынын ирээттүүлүгү, ар кандай гүлдөрдүн өстүрүлүшү. Үйдө от жагуучу печкалардын тазалыгы. Өрт коопсуздугунун сакталышы.
  12. Короонун ичинин иреттүүлүгү, түздөлгөндүгү, асфальтталгандыгы, күн сайын иретке келтирилип турушу, таштандылардын өз убагында чыгарылышы. Ар түрдүү  гүлдөрдүн эгилиши, багылышы.
  13. Короо ичиндеги мал каналардын тазалыгы, иреттүүлүгү, малдардын шаар көрсөтмөсү боюнча өз учурунда жайлоолорго чыгарылышы, жайлоолордон түшүрүлүшү, кошунанын короосуна  малдарды киргизбөөсү.
  14. Жер участогун натыйжалуу пайдаланышы.
  15. Үйдүн тегерегиндеги жерлердин,клумбалардын иреттүүлүгү, керектүү жашылчалардын түрлөрү боюнча отургузулушу, мөмө-жемиш бактарынын отургузулгандыгы жана алардын агротехникалык эрежелеринин негизинде багылышы.
  16. Үй ээлеринин көчөгө болгон мамилеси
  17. Үйдүн тушундагы арык, каналдарды өз учурунда тазалап турушу.
  18. Үйдүн жанынан өткөн арыктагы сууларга  кирдин суусун, мончодон чыккан сууну төкпөө, химиялык заттарды, шыпырындыларды таштабоо.
  19. Үйдүн тушундагы карагайга электр жарыгын орнотуп, түнкү убакта айлана — чөйрөгө жарык берүүсүн камсыз кылуу.
  20. Арык боюна айбанаттарды байлабоо, өз эшигинин алдында чөп, көң, кык, курулуш үчүн топурак, шагыл, кум, таш, цемент, кирпич, карагай жыгачтарды тартып келип түшүргөндө, аны үч күндүн ичинде жолдон алып, өз жайына жайгаштыруусу.
  21. Кароонун жүрүшүндө көзөмөлдүк кылуу жана жыйынтыгын чыгаруу.
  22. Квартал, көчө комитеттери күн сайын ар бир көчөнүн жашоо турмушуна, үйүнүн сырткы жана ички көрүнүштөрүнө көзөмөл жүргүзүп турушу. Тиешелүү учурларда сын-сунуштарды айтуусу.

Кароонун жыйынтыгы менен кабыл алынган Жобонун негизинде көчө,  квартал комитеттери тарабынан текшерилип, ай сайын алардын отурумдарында  каралып, жыйынтыгы чыгарылып турулат. Кароонун жүрүшүндө көчө, квартал комитеттеринин сунушу менен үч  айдын ичинде жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен көчөлөргө «Үлгүлүү көчө» деген наам комиссиянын  чечими менен ыйгарылат.

  1. Кароонун жыйынтыгы кварталдарда, көчөлөрдө жашоочулардын жалпы жыйынында жыйынтыкталып, жеңүүчүлөргө «Үлгүлүү көчө» деген күбөлүк жана мактоо баракчасы тапшырылат. Ошондой эле көчөнүн башындагы жана аягындагы үйгө узундугу 1,5 метр, туурасы 50см келген  «Үлгүлүү көчө» деп жазылган белги илинип коюлат.
  2. Катары менен 10 жыл бою «Үлгүлүү көчө» деген наамды жеңип алган көчөлөрдүн аттары  шаардын «Ардак китебине» жазылып, көчөнүн тургундарынын сүрөттөрү коюлат жана ардак наам түбөлүк калтырылат.
  3. Кандайдыр бир себептер менен кийинки кароолордо көчө тургундары тарабынан «Үлгүлүү көчөгө » берилүүчү талаптар аткарылбай калса, анда көчө, квартал комитеттеринин отурумдарында наамды алып салуу жөнүндө шаардык мэрияга сунушталат. Шаардык мэрия бул сунушту карап, чечим кабыл алат жана ал кабыл алынган чечим боюнча ошол кварталдын жашоочуларынын жалпы чогулушунда билдирүү берилет. Көчөгө илинген «Үлгүлүү көчө» жазуусу алынып салынат.

«Үлгүлүү үй жана үй-бүлө» наамын ыйгаруу боюнча кароону уюштуруу жөнүндө

ЖОБО

  1. Жалпы Жобо
  2. Шаардын аймагындагы үлгүлүү үй-бүлө наамын ыйгаруу боюнча кароо шаардык мэриянын Уставынын негизинде жүргүзүлөт.
  3. Шаардын аймагында «Үлгүлүү үй-бүлө» наамын ыйгаруу боюнча кароонун максаты, анын шарттары жана жыйынтыгын чыгаруу эрежелери атайын көрсөтүлгөн жободо бекитилет.
  4. «Үлгүлүү үй-бүлө» наамын ыйгаруу боюнча кароонун жобосу шаардын мэринин буйругу менен бекитилет.

 

  • Шаардын аймагында «Үлгүлүү үй-бүлө» наамын ыйгаруу боюнча кароону уюштуруунун негизги максаттары.
  • Шаардын аймагында «Үлгүлүү үй-бүлө» наамын ыйгаруу боюнча кароону уюштуруунун негизги максаттары- шаардагы ар бир үй-бүлөнүн,  атуулдардын  жашоо шартын билимдерин, маданий дэңгээлин, көтөрүү, ар нерсеге жөндөмдүүлүгүн арттыруу, бири-бирине болгон урмат-сый, өз ара мамилелерин чыңдоо. өзүнө тиешелүү жерлерди натыйжалуу пайдалануу, короо жайынын айланасын жашылдандырууга, гүлдөтүүгө, тазалыкта күтүүгө, жаратылыш байлыктарын сарамжалдуу пайдаланууга үйрөтүү. Жашоонун маңызын түзгөн адамгерчиликке, элди, жерди, Ата мекенди сүйүүгө, анын байлыктарын өркүндөтүүгө достукту, биримдикти чыңдоого, аларды эл арасында кеңири жайылтууга багытталат.

1.1.1  Шаардын аймагында «Үлгүлүү үй-бүлө» наамын ыйгаруу боюнча кароонун негизги шарттары.

  1. Үй-бүлөнүн бири-бирине камкордугу, башка адамдар менен болгон мамилеси, коомдук активдүүлүгү. Шаардын Уставында көрсөтүлгөн талаптардын так аткарылышы.
  2. Үй-бүлөнүн ынтымакта жашашы, бири-бирин урматтоосу, улууларды урматтоо, сый мамиле жасоо, энелик камкордугу. Балдардын ата-энесине мээримдүүлүгү, камкордук  мамилеси.
  3. Ата-эне тарабынан балдардын окуусуна үйдөгү түзүлгөн шарттар, балдардын сабакка катышуусуна жана сабакты өздөштүрүүсүнө көзөмөлдүк кылуусу.
  4. Үйдө жашоочулардын ишке, кол өнөрчүлүккө, эмгекке, коомдук тартипти сактоого катышуусу, кошкон салымы.
  5. Үйдө жашоочулар тарабынан паспорттук режимдердин, Аскердик каттоону  сактоонун абалы.
  6. Коңшулары менен ынтымакта, карым-катышта жашоосу, жалпы шаар жашоочуларга кылган мамилеси, кадыр баркы.
  7. Сууну, электр энергиясын үнөмдүү пайдалануусу, Электр жарыгына, сууга, радиого, телефонго өз убагында төлөп турушу жана ар түрдүү ишембиликтерге ашар жолу менен арык каналдарды чабууга, тазалоого, жолдорду, көпүрөлөрдү оңдоого, социалдык обьектилерди курууга, оңдоого, көрктөндүрүү иштерине такай катыша тургандыгы.
  8. Үй-бүлөдө искусствого берилгендик, өздүк көркөм чыгармачылыкка катышуу, үй-бүлөлүк ансамблдеринин уюштурулушу өзгөчө бааланат.
  9. Кары — картаңдарга, жетим жесирлерге, майыптарга, бей бечараларга мүмкүнчүлүктөргө жараша отун суу, кийим кечектен жана башка материалдык жардамдарды көрсөтүүлөрү, короосундагы жерди  айдап сээп берүүлөрү, үйлөрүн актап, кирлерин жууп, тамак ашын жасап берүүгө жардам көрсөтүүлөрү.

 

  1. Үй курууда үй-бүлө  тарабынан аткарылуучу шарттар.

 

  1. Үйдүн архитектуралык пландын негизинде курулушу, үйдү курууга бөлүнгөн жерди туура пайдалануусу. Архитектуранын уруксаты жок ыксыз кошумча курулуштарды курууга жол бербөө.
  2. Жашаган үйүнүн ирээттүүлүгү,  архитектуралык формада жасалгаланышы, айлана-чөйрөсүнүн көрктөндүрүлүшү, тазалыгы.
  3. Үйдүн дубалдарынын шыбалгандыгы, акталгандыгы, дарбазаларынын сырдалгандыгы, үйгө көчөнүн аты, номери жазылгандыгы.

 

  1. Үйдүн ички, сырткы жасалгасы.

 

  1. Үйдүн ичинин ондоп-түзөөдөн  өткөрүлүшү, тазалыгы, полунун сырдалгандыгы, үйдүн ички жасалгаланышы, үй буюмдарынын ирээттүүлүгү, ар кандай гүлдөрдүн өстүрүлүшү. Үйдө от жагуучу печкалардын тазалыгы. Өрт коопсуздугунун сакталышы.
  2. Короонун ичинин иреттүүлүгү, түздөлгөндүгү, асфальтталгандыгы, күн сайын иретке келтирилип турушу, таштандылардын өз убагында чыгарылышы. Ар түрдүү  гүлдөрдүн эгилиши, багылышы.
  3. Короо ичиндеги мал каналардын тазалыгы, иреттүүлүгү, малдардын шаар көрсөтмөсү боюнча өз учурунда жайлоолорго чыгарылышы, жайлоолордон түшүрүлүшү, кошунанын короосуна  малдарды киргизбөөсү.

 

  1. Жер участогун натыйжалуу пайдаланышы.

 

  1. Үйдүн тегерегиндеги жерлердин,  клумбалардын иреттүүлүгү, керектүү жашылчалардын түрлөрү боюнча отургузулушу, мөмө-жемиш бактарынын отургузулгандыгы жана алардын агротехникалык эрежелеринин негизинде багылышы.

 

  1. Үй ээлеринин көчөгө болгон мамилеси
  2. Үйдүн тушундагы арык, каналдардын өз учурунда тазалап турушу.
  3. Үйдүн жанынан өткөн арыктагы сууларга машина жуубоо, кирдин суусун, мончодон чыккан сууну төкпөө, химиялык заттарды, шыпырындыларды таштабоо.
  4. Үйдүн тушундагы карагайга электр жарыгын орнотуп, түнкү убакта айлана — чөйрөгө жарык берүүсүн камсыз кылуу.
  5. Арык боюна айбанаттарды байлабоо, өз эшигинин алдында чөп, көң, кык, курулуш үчүн топурак, шагыл, кум, таш, цемент, кирпич, карагай жыгачтарды тартып келип түшүргөндө, аны үч күндүн ичинде жолдон алып, өз жайына жайгаштыруусу.

 

  1. Кароонун жүрүшүндө көзөмөлдүк кылуу жана жыйынтыгын чыгаруу.
  2. Квартал, көчө комитеттери күн сайын ар бир үй-бүлөнүн жашоо турмушуна, үйүнүн сырткы жана ички көрүнүштөрүнө көзөмөл жүргүзүп турушу. Тиешелүү учурларда үй ээлерине сын — сунуштарды айтуу.
  3. Кароонун жыйынтыгы менен кабыл алынган Жобонун негизинде көчө,  квартал комитеттери тарабынан текшерилип, квартал сайын алардын заседаниелеринде каралып, жыйынтыгы чыгарылып турулат. Кароонун жүрүшүндө көчө, квартал комитеттеринин сунушу менен үч  айдын ичинде жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен үй ээлерине «Үлгүлүү үй-бүлө» деген наам комиссияныны  чечими менен ыйгарылат.
  4. Кароонун жыйынтыгы кварталдарда, көчөлөрдө жашоочулардын жалпы жыйынында жыйынтыкталып, жеңүүчүлөргө «Үлгүлүү үй-бүлө» деген күбөлүк жана мактоо грамотасы тапшырылат. Ошондой эле жашаган үйүнүн сыртына узундуга 1,5 метр, туурасы 50см келген айнектелген рамага «Үлгүлүү үйбүлө» деп жазылган белги берилет. Ал сыйланган үйдүн көчө бетиндеги көрүнүктүү жерине илинет.
  5. Катары менен 10 жыл бою «Үлгүлүү үй-бүлө» деген наамды жеңип алган үй-бүлөлөр шаардын «Ардак китебине» жазылып, үй-бүлөнүн күнүмдүк турмушун чагылдырган сүрөтү чапталат жана ардак наам түбөлүк калтырылат.
  6. Кандайдыр бир себептер менен кийинки кароолордо үй-бүлө тарабынан «Үлгүлүү үй-бүлөгө» берилүүчү талаптар аткарылбай калса, анда көчө, квартал комитеттеринин отурумдарында наамды алып салуу жөнүндө шаардык мэрияга сунушталат. Шаардык мэрия бул сунушту карап, чечим кабыл алат жана ал кабыл алынган чечим боюнча ошол кварталдын жашоочуларынын жалпы чогулушунда билдирүү берилет. Үйдүн дубалына илинген «Үлгүлүү үй-бүлө» жазуусу алынып салынат.

Жооп калтыруу Отменить ответ

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

*

*

БАТКЕН ШААРЫ ӨНҮККӨН, ГҮЛДӨГӨН ШААРГА АЙЛАНАТ
Мурунка статьясы
БАТКЕН ШААРЫНЫНЫН ТҮЗҮЛГӨНДҮГҮНҮН 20 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА ТАЭКВОНДО WTF БОЮНЧА ШААР МЭРИНИН КУБОГУ ӨТКӨРҮЛДҮ
Кийинки статьясы

Баткен шаардык Кеңешинин
жана мэриясынын расмий сайты

Дуй-Жум

08:00 - 17:00

Facebook
Linkedin
Instagram

Мэриянын байланыш маалыматтары

Баткен

И.Жусупов көчөсү №46

03622-5-20-01

03622-5-20-08

meria-batken@mail.ru

Шаардык Кеңештин байланыш маалыматтары

Баткен

И.Жусупов көчөсү №46

03622-5-00-92, 5-00-94

03622-5-09-92

bat.gor.kenesh@mail.ru

© Баткен шаардык кеңеши и Баткен шаарынын мэриясы. Все права защищены | Сайт создан IprofiKG
[]
1 Step 1
Мэрия кайрылуу, билдирүү жөнөтүү үчүн төмөнкү форманы пайдаланыңыз:
ФИОyour full name
Телефонyour full name
Адресyour full name
Emaila valid email
Билдирүүmore details
0 /
Previous
Next
powered by FormCraft
[]
1 Step 1
Кеңеш кайрылуу, билдирүү жөнөтүү үчүн төмөнкү форманы пайдаланыңыз:
ФИОyour full name
Телефонyour full name
Адрес
Emaila valid email
Билдирүүmore details
0 /
Previous
Next
powered by FormCraft