21.12.2022
Баткен шаарындагы жана Баткен районундагы мугалимдер мектептин социалдык тобокелдик тобундагы балдар, анын ичинде мигранттардын балдары менен иштөөдөгү дүйнөлүк психологиялык практика менен таанышууга уникалдуу мүмкүнчүлүк алышты.
Баткен шаарында “Коопсуз миграция жана адамдарды сатууну алдын алуу” боюнча мугалимдер үчүн тренинг өткөрүлдү. Тренингде ички жана тышкы миграция, мыйзамсыз миграция жана адам сатуу жана башка ушул сыяктуу түшүнүктөр боюнча кеўири маалымат алышты. Программанын алкагында адам сатуунун алдын алуу, новатордук заманбап технологияларды колдонуу менен коопсуз миграцияны колдоо жана жогорку сапаттагы кесиптик багыт берүү кампанияларын уюштуруу сыяктуу үч актуалдуу тема каралды. Тренингден кийин катышуучулар миграциядан жабыркаган балдардын негизги кызматтарга жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгышат. Ошондой эле социалдык педагогдор билим берүү чөйрөсүндөгү кырдаалды талдап, миграциянын таасирине кабылган балдарга зомбулуктун алдын алуу боюнча чараларды иштешет.
Иш-чаралар 22 пилоттук мектептердин 9-10-11-класстарынын окуучулары менен кызматташууга тартылган.
Тренингдин максаты билим берүү мекемелеринде коопсуз миграция жана адамдарды сатууга каршы күрөшүү жаатындагы социалдык педагогдордун потенциалын жогорулатууга багытталган деди, — Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнүн усулдук каанасынын жетекчиси Мунарбек Маккамбаев. Анын айтымында, турмуш практикасы көрсөткөндөй мигранттардын балдары зордук-зомбулукка көбүрөөк дуушар болушат. Алар физикалык, психологиялык зомбулук жана башкалар түрүндө болушу мүмкүн. Андыктан социалдык педагогдор жардамга муктаж болгон үй бүлөлөрдү жана балдарды аныктоо жана колдоо үчүн көндүмдөр жана ресурстарга ээ болушу керек. Бул программа социалдык профилактиканын ыкмаларын камтып, анын жардамы менен катышуучулар миграциянын таасирине кабылган балдарды негизги кызматтарга көрсөтүү боюнча иш планын түзүп, иш алып барышына өбөлгө болот.
08:00 - 17:00
И.Жусупов көчөсү №46
И.Жусупов көчөсү №46