2021-2022-окуу жылын баштоо алдында Баткен шаарынын аймагындагы жалпы орто билим берүү мекемелеринин кызматкерлери үчүн секциялык иштер атайын түзүлгөн графиктин негизинде Баткен облустук гимназия-жатак мектебинде өткөрүлүүдө.
Бул AdministratorЖарыяланган 13.09.2021
Секциялык иштерде ар бир предмет мугалимдери өз өзүнчө группалык негизде предметти окутуудагы маселелер, жалпы мектептик билим берүүнүн мамлекеттик стандартынын ишке ашырылышы жана максатка жетүүдөгү жаңы окутуунун усулдарын колдоно билүү багытында талкуу уюштурулду. Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнүн усулдук кабинетинин адистери өз предметтеринен усулдук сунуштарды даярдап мугалимдерге жеткирди.
Уюштуруучулардын айтымында секциялык иштер келечек муунга билим, тарбия берүүдө мугалимдердин тажрыйба алмашуусуна, ой бөлүшүп окутуудагы көйгөйлүү маселелерди чечүүгө чоң өбөлгө түзүлүүдө.