30.08.2021 Баткен шаарынын борбордук базарында өрт чыкты
Бул AdministratorЖарыяланган 29.08.2021
Баткендин борбордук базарында чыккан өрттүн себеби жана келтирилген материалдык чыгымдары такталууда
Бүгүн Баткен шаарынын мэри Имамназар Буркановдун тапшырмасы менен, КРнын ӨКМнин Баткен шаардык жана райондук өрткө каршы күрөшүү кызматы жана шаардык жарандык коргонуу кызматы атайын комиссия түзүп, өрттүн кесепетинен келтирилген чыгымдарды тактоодо.
КРнын ӨКМнин Баткен шаардык жана райондук бөлүмүнүн билдирүүсүнө караганда 29-августта Баткен шаарынын борбордук базарынын М.Нургазыев көчөсүндө жайгашкан соода түйүндөрүндө өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен 5 дүкөн, 1 тигүү цехи жана базардын администрациясынын имараты, жалпы аянты 550 чарчы метрди түзгөн азык-түлүк, кездеме, күндөлүк керектелүүчү гигиеналык товарлар күйүп кеткен.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.