8-МАРТ КӨЧӨСҮ КЕНЕЙТИЛИП, ОНДОП-ТҮЗӨӨ ИШИ БАШТАЛДЫ
Бул AdministratorЖарыяланган 22.06.2022
Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов баштаган шаардык жетекчилер Баткен шаарынын 8-март көчөсүндө башталып жаткан ондоп-түзөө иштерин жеринен кабар алды.
Курулушчулар менен жолуккан шаар башчысы тендерден утуп чыккан “Идеал” ЖЧК жетекчисине курулуш ишин долбоордо көрсөтүлгөн талаптарга ылайык жүргүзүү боюнча талабын билдирип, тиешелүү шаар жетекчилерине жана адистерге курулуштун сапатын тыкыр көзөмөлгө алууну буюрду.
БЕЛГИЛЕЙ КЕТСЕК, буга чейин Баткен шаардык мэриясы тарабынан Баткен шаарынын 8-март көчөсүнүн күн чыгыш тарабында жайгашкан үйлөрдүн ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүү аркылуу КЫЗЫЛ СЫЗЫКТАН ЧЫГЫП КЕТКЕН тосмолорду жана курулуштарды жылдыруу менен жол кенейтилген жана жөө адамдар жүрүүчү жолдун (тратуар) орду аныкталган.
Учурда, 8-март көчөсүндө жоо адамдар жүрүүчү жолдорду (тратуарларды) ондоо жана суу жүрүүчү ноолордү (латок) орнотуу иштери башталды.
Долбоордун жалпы сметалык баасы 6 млн 406 мин сомду түзүп, анын 3 млн 406 мин сому шаардык бюджеттен бөлүнүп, 3 млн сому КРнын дем берүүчү (стимгрант) гранттын эсебинен каржыланууда.
КОШУМЧА МААЛЫМАТ; 2022-жыл ичинде Баткен шаарындагы М.Нургазиев, 8-март, М.Салихов жана А.Орозбеков көчөлөрү кенейтилип, жөө адамдар жүрүүчү (тратуарлар) жолдорго брусчаткалар жаткырылып, суу ноолор (латок) орнотулат. Ошондой эле И.Раззаков көчөсүндөгү түнкү жарыктандыруу иштери толугу менен жолго коюулат.
Баткен шаардык мэриясы, шаардын аймагындагы инфра түзүмдү жакшыртуу максатында жүргүзүлүп жаткан курулуш иштериндеги ынгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаардын жашоочуларын түшүнүү менен кабыл алат деген ишеничте.