• Башкы бет
  • Баткен шаардык Кеңеши
    • Депутаттык курам
    • Шаардык Кеңеш аппаратынын кызматкерлери
    • Сессиялардын графиги
    • Токтомдор
    • Органиграмма
    • Баткен шаардык Кенеши жөнүндө жобо
    • Баткен шаардык Кеңешинин Регламенти
    • Баткен шаардык Кеңешинин иш-планы
    • Баткен шаарынын ардактуу атуулдары
    • Укуктук-ченемдик актылар
    • Коомдук талкуу
  • Баткен шаарынын мэриясы
    • Баткен шаардык мэриясы
    • Мэрия кызматкерлери
    • Мэриянын алдындагы ишканалар
    • Мэриясынын Аппаратынын Структурасы
    • Шаардын паспорту
    • Социалдык-экономикалык өнүгүү программалары
  • Шаар жөнүндө
  • Жанылыктар
  • Конкурстар
  • Галерея
    • Сүрөттөр
    • Видеолор
  • Байланыш
  • +996 (3622) 52001
  • meria-batken@mail.ru
  • Дуй-Жум 09:00 - 17:00
Facebook
Instagram

Баткен шаардык кеңешинин жана мэриясынын расмий сайты

  • Башкы бет
  • Баткен шаардык Кеңеши
    • Депутаттык курам
    • Шаардык Кеңеш аппаратынын кызматкерлери
    • Сессиялардын графиги
    • Токтомдор
    • Органиграмма
    • Баткен шаардык Кенеши жөнүндө жобо
    • Баткен шаардык Кеңешинин Регламенти
    • Баткен шаардык Кеңешинин иш-планы
    • Баткен шаарынын ардактуу атуулдары
    • Укуктук-ченемдик актылар
    • Коомдук талкуу
  • Баткен шаарынын мэриясы
    • Баткен шаардык мэриясы
    • Мэрия кызматкерлери
    • Мэриянын алдындагы ишканалар
    • Мэриясынын Аппаратынын Структурасы
    • Шаардын паспорту
    • Социалдык-экономикалык өнүгүү программалары
  • Шаар жөнүндө
  • Жанылыктар
  • Конкурстар
  • Галерея
    • Сүрөттөр
    • Видеолор
  • Байланыш

Баткен шаардык кеңешинин жана мэриясынын расмий сайты

  • Башкы бет
  • Баткен шаардык Кеңеши
    • Депутаттык курам
    • Шаардык Кеңеш аппаратынын кызматкерлери
    • Сессиялардын графиги
    • Токтомдор
    • Органиграмма
    • Баткен шаардык Кенеши жөнүндө жобо
    • Баткен шаардык Кеңешинин Регламенти
    • Баткен шаардык Кеңешинин иш-планы
    • Баткен шаарынын ардактуу атуулдары
    • Укуктук-ченемдик актылар
    • Коомдук талкуу
  • Баткен шаарынын мэриясы
    • Баткен шаардык мэриясы
    • Мэрия кызматкерлери
    • Мэриянын алдындагы ишканалар
    • Мэриясынын Аппаратынын Структурасы
    • Шаардын паспорту
    • Социалдык-экономикалык өнүгүү программалары
  • Шаар жөнүндө
  • Жанылыктар
  • Конкурстар
  • Галерея
    • Сүрөттөр
    • Видеолор
  • Байланыш

Жанылыктар  ·  Экономика

БАТКЕН ШААРЫ ӨНҮККӨН, ГҮЛДӨГӨН ШААРГА АЙЛАНАТ

Бул  Administrator  Жарыяланган  15.03.2021

«КРнын президенти С.Жээнбековдун региондорду өнүктүрүү боюнча жарлыгына  ылайык, өндүрүш аймагына  курулуп жаткан текстиль фабрикасынын курулушу бүткөрүлүп ишке берилсе, 1000 жумуш оруну түзүлүп, миграциянын агымын азайтууга өбөлгө болот»,- деди Баткен шаарынын биринчи вице-мэри А.Ураимов.

— Дүйнөнү каптаган илдеттен жалпы адамзат, мамлекеттер зыян тартты. Карантин көп пландардын ишке ашуусуна таасирин тийгизди. Бирок ошого карабастан шаарда курулуш тармагында бир топ өзгөрүүлөр бар.

— Коронавирус илдети жайылып, карантин кирген күндө да жумушту артка таштап койгон жокпуз. Шаарда таза суу долбоору боюнча жумуштар жүрүп жатты. Пандемияга байланыштуу чек аралар жабылып, чет өлкөдөн келүүчү негизги каражаттарды убагында ала албай курулуш иштеринде кечигүү болду. Ал эми учурда курулуш иштери кызуу жүрүп жатат.
Шаардагы Кыргызстандын 40 жылдыгы, М.Кадыр, Коммунизм, Жибек-Жолу, 8-март көчөлөрүнүн жашоочулары мыйзамсыз чектерин кеңейтип алышкан. Ушундай мыйзамсыз курулмалар таза суу түтүктөрүн өткөрүүдө бир топ көйгөй жаратууда. Андыктан комиссиялык топ ар бир үйгө кирип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, эскертүүлөрдү берип келди. Таза суу түтүктөрүн өткөрүү үчүн жергиликтүү бийлик мыйзамсыз курулмаларды алып, долбоордун жүрүшүнө даярдап, иреттеп берүүдө. Кээ бир жарандар өздөрү да көмөктөшүп мыйзамсыз курулмаларын бузуп алышууда. Бирок тилекке каршы мыйзамга баш ийбегендер да жок эмес.
Ошондой эле Баткен шаарынын Чет-Булак аймагындагы С.Огата орто мектебине кошумча имарат куруу иштери санитардык-карантиндик талаптарды сактоо менен жүрүп жатты. Мектепке кошумча имаратты куруп берүү үчүн жергиликтүү бюджеттен каржыланган. Мындан сырткары Кызыл-Дєң аймагындагы 375 орунга ылайыкталган орто мектептин курулуш иштери 50 пайызга аткарылды.
Аймактарды өнүктүрүү жана инфраструктураны чыңдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан, жыл сайын райондун жана шаарлардын борборлорунда үч чакырымдан аз эмес ички жолдорду асфальттоо боюнча иш чара кабыл алынган. Анын алкагында шаардын Курманжан Датка жана Э.Кадыров көчөлөрүндө асфальттоо иштери жүрдү.

— Алдыда дагы эмнелерди пландап, аткаруунун үстүндө турасыздар?

— Борбордук стадиондогу спорттук имаратты Баткен шаардык мэриясынын балансына кайра сатып алдык. Учурда чатырын жабуу иштери жүрүп жатат. Буюрса бул спорттук имаратта балдар жана өспүрүмдөр үчүн акысыз спорт менен машыгууга шарттар түзүлөт.
Мындан сырткары быйылкы жыл ичинде шаардагы эс алуу багы, парк реконструкцияланат. Эс алуу багынын жана парктын ичи жашылдандырылып, газон өстүрүлөт, тротуарлар курулуп, жарыктандыруу орнотулат.
Шаардын ички көчөлөрүндө жарыктандыруу иштери уланууда. Учурда М.Салихов көчөсүндө жарыктандыруу иштери жүрүп жатат.
Ал эми Чет-Булак кварталынан өнөр жай аймагы үчүн 172,9 гектар жер аянты бөлүнгөн. Бул аймакта өндүрүш тармагы боюнча 23 ишкана ачылып, 2500 жумушчу орун түзүлөт.
Учурда өрүктү кайра иштетүү боюнча ири логистикалык борбордун жана тигүү фабрикасынын курулуш иштери жүрүп жатат. Жакынкы күндөрү 2-корпустун курулушу башталат.

Шайлоого карата даярдыктар кандай болууда?

Шайлоого даярдыктар көрүлүүдө. Шаарда 1 аймактык шайлоо комиссиясы жана 10 шайлоо участкасы бар. Шайлоочулардын жалпы саны 14 миң 843 шайлоочуну түздү. Ар бир шайлоо участкасында шайлоочулар үчүн доскалар, чакыруу баскычтары, мүмкүнчүлүгү чектелгендерге пандус, көзү азиздер үчүн да чоң алфавиттер илинип жана башка ыңгайлуу шарттар түзүлдү.

Мындан ары да шаардын инфраструктурасын жакшыртып, эл үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө күчүбүздү жумшайбыз. Келечекте шаарыбыз өнүккөн, гүлдөгөн шаарга айланат.


Жооп калтыруу Отменить ответ

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

*

*

ҮЛГҮЛҮҮ КВАРТАЛ, ҮЛГҮЛҮҮ КӨЧӨ, ҮЛГҮЛҮҮ ҮЙ, ҮЛГҮЛҮҮ ҮЙ-БҮЛӨГӨ СЫНАК ЖАРЫЯЛАНДЫ
Кийинки статьясы

Баткен шаардык Кеңешинин
жана мэриясынын расмий сайты

Дуй-Жум

08:00 - 17:00

Facebook
Linkedin
Instagram

Мэриянын байланыш маалыматтары

Баткен

И.Жусупов кочосу №46

03622-5-20-01

03622-5-20-08

meria-batken@mail.ru

Шаардык Кеңештин байланыш маалыматтары

Баткен

И.Жусупов кочосу №46

03622-5-20-02, 5-20-14

03622-5-20-08

bat.gor.kenesh@mail.ru

© Баткен шаардык кеңеши и Баткен шаарынын мэриясы. Все права защищены | Сайт создан IprofiKG
[]
1 Step 1
Мэрия кайрылуу, билдирүү жөнөтүү үчүн төмөнкү форманы пайдаланыңыз:
ФИОyour full name
Телефонyour full name
Адресyour full name
Emaila valid email
Билдирүүmore details
0 /
Previous
Next
powered by FormCraft
[]
1 Step 1
Кеңеш кайрылуу, билдирүү жөнөтүү үчүн төмөнкү форманы пайдаланыңыз:
ФИОyour full name
Телефонyour full name
Адрес
Emaila valid email
Билдирүүmore details
0 /
Previous
Next
powered by FormCraft