Бүгүн, 25-декабрь күнү, Баткен шаарында 2020-жылдын бюджетинин долбоору боюнча коомдук угуу өттү.
Коомдук угуу Баткен шаардык Кеңешинин төрагасы А.Ташбековдун жетекчилиги астында өтүп, ага Баткен шаарынын мэри М.Рахимов, бюджет, экономика жана өнөр жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы М.Бурканов, шаардык Кеңештин депутаттары, мекеме-ишканалардын, билим берүү жана социалдык тармактардын жетекчилери, аймактык башкармалыктардын башчылары, шаардагы активдүү жарандар жана шаар тургундары катышышты.
Коомдук угуунун күн тартибине ылайык, Баткен шаарынын 2020-жылдын бюджетинин долбоору жөнүндө шаардык Кеңештин бюджет, экономика жана өнөр жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы М.Бурканов, ал эми шаардын жергиликтүү бюджетинин 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча аткарылышы тууралуу Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Баткен башкармалыгынын бөлүм башчысы З.Камчиев маалымат берди.
Андан соң шаардык Кеңештин төрагасы А.Ташбеков жалпы катышуучулардан түшкөн сунуш-пикирлерди жана суроо-жоопторду эске алуу менен 2020-жылдын бюджетин бекитүүнү шаардык Кеңештин кезектеги сессиясында кароо үчүн сунуштады.
08:00 - 17:00
И.Жусупов көчөсү №46
И.Жусупов көчөсү №46