Баткен шаарында облустук, райондук, шаардык деңгээлдеги мамлекеттик маданий оюн-зоок иш чараларын өткөрүүгө 2023-жылдын 31-декабрына чейин убактылуу чектөө киргизилди.
Чектөөлөр, 2022-жылдын 14, 16, 17-сентябрь күндөрү Кыргызстанга тажик аскерлеринин куралдуу кол салуусунан шейит кеткен 63 аскерибиздин, 200гө жакын жарадар болгон жарандарыбыздын жана үй жайсыз калган замандаштарыбыздын абалы, шаар тугундарынын майрамдоого көңүл чаппагандыгы эске алынган.
Баткен шаардык мэриясы киргизилген чектөөлөргө ылайык, шаар тургундарына түшүндүрүүлөрдү жүргүзүү менен элдик сейилдөөлөрдү уюштуруп берет.
Чектөөлөр киргизилген майрамдар:
1. “Балаты — 2022” майрамы;
2. “Нооруз — 2023” майрамы (элдик сейилдөө менен чектелсин);
3. Кесиптик күндөрдө маданий оюн-зоок уюштурууга;
5. 8-март аялдардын Эл аралык тилектештиги күнү;
6. Акыркы коңгуроо салтанаттары;
7. 1-июнь Балдардын Эл аралык күнү;
8. 9-май Улуу Жеңиш майрамы;
9. 31-август Эгемендүүлүк күнү;
10. “Балаты- 2023” майрамы.
08:00 - 17:00
И.Жусупов көчөсү №46
И.Жусупов көчөсү №46