Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Булак-Башы аймагынын тургундары менен жолукту.
Бул AdministratorЖарыяланган 09.09.2021
Жолугушууда шаар башчысы Баткен шаарында аткарылып жаткан иштер жана алдыдагы пландар боюнча жашоочуларга кыскача маалымат берип, тургундардын көйгөйлөрүн укту. Шаар мэри элдин суроолоруна жооп берип, тийиштүү жетекчилерге жеринде тапшырмаларды берди.
Жергиликтүү тургундар таза суунун жетишсиздиги, тазалык, жарыктандыруу, социалдык жөлөк пул, жер маселеси боюнча суроолор менен кайрылышты.