Баткен шаарынын аймагында шаардык Жол коопсуздугун камсыз кылуу кызматынын жана тиешелүү күч түзүмдөрүнүн аймактык жооптуу кызматкерлери менен биргеликте рейд жүргүзүлүүдө.
Максаты шаардагы негизги көчөлөрдөгү жол эрежесин бузган айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана “Акыркы конгуроо” майрамына карата жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу менен алдын алуу иштерин жүргүзүү болуп саналат.
Аталган рейддин алкагында шаардын М.Нургазиев, Ж.Бөкөнбаев жана М.Салихов көчөлөрүндө жол эрежесин бузган айдоочуларга эскертүү берилип, айрымдарына протоколдор түзүлүп айып пул салынды. Ошондой эле бир авто унааны окуучу балдар айдап жүргөн жеринен токтотулуп, авто унаа айып пул салынуучу жайга киргизилди.
Баткен шаардык мэриясы жана шаардык Жол коопсуздугун камсыз кылуу кызматы айдоочуларга жол эрежесин так сактоо менен жүргүнчүлөрдүн жана шаар тургундарынын коопсуздугун сактоого чакырат.
Ошондой эле ата-энелерге “Акыркы конгуроо” майрамына карата мектеп окуучуларын унааларды жалдап жүрүүсүнө жана унаа айдоосуна жол бербөөгө чакырат.
Баткен шаардык мэриясынын маалымат кызматы.
08:00 - 17:00
И.Жусупов көчөсү №46
И.Жусупов көчөсү №46